Иранда калып кеткен кыргызстандык айдоочулар Токмокко келишти

Окуялар тизмеги 27 Мар 2020 08:31
0 ой-пикир

25-мартта Ирандан келген айдоочулар обсервацияга алынды. Бул тууралуу «Турмуш» сайты жпзып чыкты.

Маалым болгондой, Ирандан келген 25 киши Токмок шаарындагы №3 кичи райондо жайгашкан түрк лицейинин жатаканасына жаткырылган.

«Ирандан товар ташып иштеген айдоочулар чек арада көпкө чейин кармалып, Кыргызстанга келе албай жатышкан. Алар түндө Токмокко келип, обсервацияга алынды», — деп айтылат маалыматта.

Токмок шаарынын мэриясы бул маалыматты тастыктап, келген 25 киши обсервацияга жаткырылганын билдирди.

Эске сала кетсек, коронавирустан улам 29-февралда Азербайжан Иран менен чек арасын жапкан болчу. Чектөөдөн улам кыргызстандык 62 оор жүк ташуучу чек арадан өтө албай калган болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.