Ирандагы кыргызстандык айдоочулар мекенине кайта албай жатышат

Окуялар тизмеги 07 Мар 2020 09:56
0 ой-пикир

Иранда калып кеткен кыргызстандык айдоочулардын мекенине кайтарып келүү чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Түркмөнстан, Азербайжан жана Орусиянын дипломатиялык миссияларынын башчыларына нота тапшырылды.

2-4-мартта жолугушуу болуп, Ирандагы кыргызстандык айдоочулардын Кыргызстанга Түркмөнстан менен Азербайжандын аймагы аркылуу транзит менен өтүү маселеси каралган.

Ирандын аймагындагы жүк ташыган кыргызстандык айдоочулар коронавируска байланыштуу Иранда калууга аргасыз болуп жатышат.

6-мартка карата иран-азербайжан жана иран-түркмөн чек арасында 70 ге жакын кыргызстандык айдоочу бар. Алар 18-февралдан бери Иран менен Түркмөнстандын чек арасында карантинде турушат.

Жүк ташуучу автоунаалардын көпчүлүгүнө жер-жемиш жана тиричилик техникалары жүктөлгөн. Алар Түркмөнстан, Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга келмек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.