ММК: Жүздөн ашык кыргызстандык «Шереметьево» аэропортунда турат

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 23:05
0 ой-пикир

26-мартка карата Москванын аэропортторунда мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар жок деп Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирүү тараткан. Мекеменин кабарлашынча, 25-мартта элчиликтин алдындагы атайын түзүлгөн штабдын мүчөлөрү “Шереметьево” аэропортуна барып, Кыргызстанга кете албай турган мекендештер менен жолугушкан. Штаб мүчөлөрү Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилгендиктен рейстер токтотулаарын айтып, чогулгандарга аэропорттун аймагында калууга болбой тургандыгын түшүндүрүшкөн. Элчиликтин ишендиришинче аэропортто турган жарандардын көпчүлүгү Москва шаарына кайтышкан.

Бирок, “Шереметьево” аба майданынан «төрт күндөн бери уча албай жатам» деген Саибжан Кылычбек кызы аттуу жаран “Азаттык” радиосуна кайрылып, дагы эле жүздөн ашык кыргызстандык аэропортто турганын айтууда. Ал айрым кыргызстандыктардын тамак-ашка акчасы калбай баратканын белгилеп, кыргыз өкмөтү маселени эртерээк чечип берсе деп суранды.

Элчиликтин 25-март, саат 19.00гө карата маалыматы боюнча, “Шереметьево” аба майданында Орусиядан уча албай жаткан 78 жүргүнчү ошондой эле транзит менен келаткан Нью-Йорктон 3, Орегонадан 1, Лондондон 1, Минскиден 1, Мальдивыдан 2 кыргызстандык болгон.

Элчилик маселени чечүү үчүн “Домодедово”, “Шереметьево” аэропортторунда өз компетенциясынын чегинде орусиялык өнөктөштөрү, авикомпаниялардын өкүлдөрү менен биргеликте тиешелүү иш жүргүзүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусия 27-марттан тартып, үзгүлтүксүз жана чартердик авиа каттамдардын баарын толугу менен жабаарын маалымдады. Бирок, Кыргызстандын “Манас” аэропортунун сайтында жумасына бир жолу Москва — Бишкек, Москва — Ош, Новосибирск — Бишкек каттамы жүргүзүлөөрү жазылып турат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.