«Домодедово» жана «Шереметьево» аэропортторунда топтолгон кыргыз жарандары жок,- элчилик

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 19:08
0 ой-пикир

26-мартка карата Москванын аэропортторунда мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Элчиликтин маалыматына караганда, Бишкекке каттамдар белгисиз мөөнөткө токтогондуктан аэропортто отура берүүнүн кереги жоктугу, коронавирус коркунучуна байланыштуу абайлаш керек экендиги айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондон кийин алар Москвада убактылуу жашап жаткан жерине кайра кайтып кетишкен.

«Саат 12.00гө карата «Домодедово» жана «Шереметьево» аэропортторунда топтолгон кыргыз жарандары жок.Транзиттик зонадагы кыргызстандыктарга да өлкөдөгү абал тууралуу маалымат берилди, аларга тамак уюштурулду. Күтүп отургандардын арасында буту оорулуу адам бар экен. Аны Москвадан дарылоо маселеси каралып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин кызматкерлери аэропортто түшүндүрүү иштерин Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен чогуу жүргүздү.

Россия 27-марттан тартып бардык авиакаттамдарды токтото тургандыгы кабарланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.