Казакстанда коронавирустан каза болгон алгачкы учур катталды. Бул тууралуу «Zakon.kz» сайты жазды.
Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 109 адамга жетти.
Алардын ичинен:
— 61 адам Нур-Султанда;
— 40 адам Алматыда;
— 2 адам Карагандада;
— 1 адам Алматы облусунда;
— 1 адам Ак-Төбө облусунда;
— 2 адам Шымкент шаарында;
— 1 адам Жамбыл облусунда;
— 1 адам Түндүк Казакстанда.
Буга чейин Казакстанда коронавирус жуктурган эки адам сакайып, үйүнө чыгарылганы айтылган.
Өлкөгө 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Ал эми 19-марттан тарта Нур-Султан менен Алматы карантинге жабылган болчу.