Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны жүздөн ашты

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 20:16
0 ой-пикир

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 109га жетти. Бул тууралуу маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевге шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Министрдин айтымында, булардын бир бөлүгү ооруканаларда дарыланып жаткан. Калган бөлүгүнүн вирус жуктуруп алганы акыркы күндөрү билинди.

«Ооругандардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларында. Оору жуктуруп алгандар чет өлкөдөн келгендер гана эмес, Казакстанда жүрүп вируска кабылгандар дагы бар. Учурда алар жугуштуу оорулар боюнча ооруканаларга жаткырылып, байланышта болгон адамдарды текшерүү иштери башталды», — деди Абаев.

Буга чейин Казакстанда коронавирус жуктурган эки адам сакайып, үйүнө чыгарылганы айтылган.

Өлкөгө 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Ал эми 19-марттан тарта Нур-Султан менен Алматы карантинге жабылган болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.