Кыргызстан менен Россиянын өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Окуялар тизмеги 25 Мар 2020 16:50
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Өкмөтүнүн башчысына колдоо көрсөткөнү, коронавирусту аныктоо үчүн тест-системаларды бергенине ыраазчылык билдирди.

Тараптар жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн кыйла натыйжалуу чараларды көрүү максатында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөштө бири бирин мындан ары да колдоого жана зарыл болгон ыкчам маалыматтар менен алмашып турууга даярдык билдиришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.