Германия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 500 миң евро бөлдү. Бөлүнгөн каражаттар GIZ-долбоордун алкагында гранттык негизде жана техникалык кызматташууга берилет.
Каражаттын башкы бөлүгү, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун макулдашылган Улуттук планынын алкагында, өзгөчө кырдаал учурунда жана керектүү жабдыктарды алууга жумшалат.
Каражаттын калган бөлүгүнө коргонуучу каражаттар алынат жана медициналык кызматкерлерди окутууга, ошондой эле тийиштүү маалыматтарды таратууга жумшалат.