«Вирус алыс эмес — ар бирибиздин жаныбызда!»- Өкмөт башчы элге кайрылды

Окуялар тизмеги 24 Мар 2020 08:24
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу билдирүү жасап, коронавирус кооптуулугу күч экендигин айтып элге кайрылды.

«Кымбаттуу мекендештер!

Өлкөдө 22-марттан баштап өзгөчө кырдаал режимин киргиздик. Анын башкы максаты – коронавируска каршы күрөшүү. Бирок өзгөчө кырдаал кирген – биринчи күндөгү көрүнүштү байкап жатасыңар. Тилекке каршы, өкмөттүн канчалык көргөн аракеттерине карабастан, бүгүн биздеги көрүнүш – абдан өкүнүчтүү!

Эпидемия ар бирибиздин аң-сезимибизге толугу менен жетпей жатат. Кыймыл-аракетибиз азайган жок. Коронавирус миңдеген адамдардын өмүрүн алды. Жоопкерчиликсиз жарандар, аны көрүп турсаңар да, өзүңөрдүн кенебестигиңер менен – башкаларга коркунуч алып келип жатасыңар. Муну түшүнгүлө! Өзүңүз да балким вируска чалдыккан адам болуп калышыңыз толук ыктымал.

Бир адамдын иммунитети жогору, бир адамдын иммунитети начар. Бул вирус адамга жуккандан баштап 14 күндөн кийин гана билинет экен. Ага чейин вирусту сизге ким жуктурганын, сиз канча адамга жуктурганыңызды билбейсиз! Вирус алыс жакта эмес – вирус ар бирибиздин жаныбызда. Күн жылып, тышка чыккыңыздар келип турат, бирок ушул өзгөчө кырдаалда үйдө болуу – негизги шарт. Тартипти сактабаган Италия эмне болду… 1 күндө 700, 800дөн адам өлөт деген эмне деген шумдук. Италия эли – эми түшүнүп жатат! Ал эми жеңишке жакындаган Кытай азыр да чектөөлөрүн ала элек.
Өзүбүзгө өзүбүз кам көрбөсөк, ким кам көрөт?!

Урматтуу мекендештер!

Жалпы элди коргоо үчүн мыйзамдуу бардык кадамдарга барууга, аларды күчөтүүгө аргасыз болуп жатабыз! Ички иштер органдарынын, анын ичинде патрулдук милициянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын – тартипти орнотуу үчүн иш-чаралары күчөтүлөт. Кенебестер жазасын сөзсүз алат. Каникул, карантин – бул сейилдеп жүрүү эмес, жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуунун чарасы катары кабыл алдык!

Айрыкча медицина кызматкерлери – өзүнүн өмүрүн тобокелге салып, ар бир өмүр үчүн күрөшүп жатышат. Биз ошону баалайлы. Алардын мээнети кайтсын десек, эрежелерди, тартипти сактайлык! Өзүңүздөр да бири-бириңерди контролго алыңыздар. Баарыбыз эртең эмне болот деп тынчсызданып жатабыз. Өзгөчө кырдаалды киргизүү чечими – адамдардын укугу чектелгенине, экономикага абдан оор кыйынчылыктарды алып келерине карабастан – кабыл алынган чечим.

Бүгүн баарыбызга – жеңил болгон жок. Көп нерсе өзүбүздөн көз каранды! Бири-бирибизди аясак, тартипти сактасак, илдеттен, дарттан сөзсүз кутулабыз! Жарандарыбыз абалды аң-сезимдүүлүк менен кабыл алат деп терең ишенебиз».

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.