Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.
Коронавирус деглобализация кылууну каалаган дүйнөлүк истеблишменттин буйрутмасы менен атайын чыгарылгандай ой жаратууда. Өлкөлөр биринен бири өтө чек араларын жабууда, эл аралык саясий, экономикалык жана спорт иш-чаралары жылдырылууда, аэропорттор бош калууда.
Адамзат жүз жылдан бери көрө элек глобалдуу кризиске кептелди жана андан такыр башка адам болуп чыгат. Кеп экономиканын төмөндөөсүндө эмес. Баалуулуктар өзгөрөт.
Кыргыз коомчулугу өзгөрө баштады. Коронавирус жок кезде эле бизде бул чоң талкуу жаратып, баардык иштерди кийинки планга жылдырды. Себеби эртеңкиге чейин жашабай калышың мүмкүн болгон коркунуч каптап жатканда бийлик, партия жана башкалар эмне болорунун кандай айырмасы бар.
Соломон падышасынын шакегинде жазылгандай “баары өтөт жана бул күндөр дагы”.
Бирок бул күн өтүп, коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин жарыяланганы тарыхта калганда биз артты кылчайып бир карап, өзүбүз тандабаган депутаттар отурганын көрүшүбүз мүмкүн.
Коомчулук азыркыдай дүрбөлөңгө түшкөн абалда туура тандоо жасай албайт. Өзгөчө 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо. Партиялар массалык иш-чараларды, жолугушууларды өткөрө алышпайт. Карантиндин эрежелерине ылайык, буга тыюу салынган. Ал жакка эч ким дагы келбейт. Себеби адамдар кимдир бирөөлөр менен байланышта болуудан кооптонуп турган чагы.
Шайлоо өнөктүгү массалык иш-чара экени талашсыз.
Мындай кооптуу абал жаралып турганда шайлоого эл келбей коюушу да мүмкүн. Демек, шайлоонун легитимдүүлүгү шек жаратышы толук ыктымал.
Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоону жылдыруу партияларга жакпайт. Алар үгүт иштерине, штабдарына ж.б. бир топ каражатын коротушкан. Бирок бийликке бара турган саясий партиялар үчүн улуттун саламаттыгы маанилүү эмеспи? Шайлоону жылдыруу партиялардын жүзүн ачат десек да болот. Алар үчүн эмне маанилүү экенин билүүгө мүмкүн болот – капчыктагы каражаттарыбы же шайлоочулардын саламаттыгыбы. Ошондой эле бийликке да чоң сыноо болот. Бийлик шайлоо процесстерине канчалык кийлигишпей турганы билинет.
Парламенттик шайлоону дагы кийинки жылдын жаз айларына жылдыруу максатка ылайык болмок. Себеби апрель жана май айларында партиялар съезд өткөрүп, ал жакка аймактардан делегаттар келиши керек. Бул айларга чейин вирус жок болот деген кепилдик жок эмеспи.
Үгүт иштерин жүргүзүү дагы чоң суроо жаратат, себеби карантиндин эрежелерине ылайык байланышка болушунча чек коюлат.
Ошондуктан Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке жана парламентке болгон шайлоолорду жылдыруу бул абдан зарыл болгон талап.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.