Жалпыга кулак кагыш! СССРде кара чечек эпидемиясын кантип жеңишкен?

Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Мар 2020 22:15
0 ой-пикир

Коронавирус боюнча абал 1960-жылы СССРде жайылган кара чечекти эске салды.

Кара чечек Индиядан келген

Баардыгы 1959-жылдын аягында белгилүү совет сүрөтчүсү, Сталин премиясынын эки жолку лауреаты Алексей Кокорекин Индияга барып келген соң башталган.

Индиядагы айылдардын биринде Кокорекин кара чечек менен ооруп каза болгон браминди өрттөп жатканын тартуу үчүн баргандан башталган. Сүрөтчү маркумду өрттөп жаткан өрттүн жалынына колун тосуп, каза болгон адамдын кийимдерине кол тийгизген. Кара чечектин инкубациялык мезгили 14 күндү түзгөндүктөн Кокорекин Россияга келгенге чейин вирусту жуктуруп алганын билген эмес.

Индияда маркумдун сөөгүн өрттөө учуру

Белгилүү хирург Юрий Шапиров “Воспоминания о прожитой жизни” деп аталган китебинде мындай деп жазган: “Кокорекин каза болгон браминдин сөөгүн өрттөөгө катышкан. Аялына жана ойношуна белектерди алган сүрөтчү Москвага анын аялы күтүп жаткан күндөн бир күн мурун келген. Ал түндү ойношунун жанында өткөрүп, белектерин берген. Делиден учуп келе турган учактын убактысын билип алган соң ал кийинки күнү үйүнө барган. Белектерин аялына берген…”

Кара өлүм

Кийинки күнү сүрөтчү өзүн жаман сезе баштаган: дене табы көтөрүлүп, алсыз болуп, сөөктөрү ооруп баштаган. Кокорекин ооруканага барып, суук тийгенге каршы дарыларды алып, үйүнө кайткан. Алексейдин абалы начарлап, эки күндөн соң аны “Тез жардам” менен Боткин ооруканасына алып барышып, сасык тумоонун оор түрү деп ойлошуп, башка оорулуулар менен бирге бир палатага жаткырып коюшкан. Денесинде пайда болгон кызыл тактарды врачтар антибиотиктерге аллергиялык реакция жүрүп жатат деп ойлошкон. Көп өтпөй Кокорекин кан түкүрүп, дем алуусу начарлап, 29-декабрда ал өлүм алдында экени белгилүү болгон. Палатага коштошуу үчүн жакындарын киргизишкен. Ошол эле түнү сүрөтчү кайтыш болгон. Ал 53 жашта эле.

Сүрөтчү Индиядан келгенден кийин 6 күндөн соң каза болгон

Денени сойгон патологоанатом бөлүм башчысы, академик Н. А. Краевскийди чакырган. Николай Александровичке Ленинграддан конокко келген карыган патологоанатом өлүктү карап туруп: “Бул variola vera — кара чечек” деген. Анын айтканы туура чыккан…

Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин чаралары

Совет саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп баштаган. Инфекциялык бөлүмгө карантин киргизилип, Мамлекеттик коопсуздук комитети Кокорекин менен байланышта болгондорду иликтей баштаган. Аялы жана ойношу экөө тең сүрөтчү алып келген белектерди комиссиялык дүкөндөргө өткөрүүгө шашыптыр. Москвада кара чечек менен ооруган бир нече учур катталып, алардын арты өлүм менен аяктаган. Оорукананы карантинге жабышып, Москвада жашагандарды кара чечекке каршы эмдөө чечими кабыл алынган.

Сүрөтчү Алексей Кокорекин

Кокорекиндин жыныстык жашоодогу активдүүлүгү оорунун кыйыр себеби болгону аныкталган. Сүрөтчү тукум улоодогу күч кубатын сактап калуу максатында чет жакка чыгарда атайын эмдөөдөн өтпөй, жасалма справка сатып алган.

Ал убакта өлүмгө алып келген коркунучтуу ооруу тууралуу элдер унутуп, XIX кылымда башталган активдүү эмдөө жыйынтык бере баштаган. Бирок Индияда абал башкача болчу.

Экинчи сутка болгондо гана окуянын олуттуу экени билине баштаган: сүрөтчүнү ооруканада каттоого алган кызматкерден, врачтан, ошол ооруканада жаткан өспүрүмдөн вирус табылган. Кокорекин жаткан палатанын жанынан өткөн ооруканага от жаккан адам дагы кара чечек жугузуп алган.

Күндүн экинчи жарымында Хрущев өткөргөн жыйында кара чечек эпидемиясын алдын алуу үчүн тез арада бир катар чараларды көрүү чечими кабыл алынган.

СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитети жана Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруну жугузуп алгандар менен кичине эле байланышта болгондордун баарын элден бөлгөн. Оорулуу менен бирге кеч өткөргөндөрдүн бири институтта мугалим болуп иштеп, көптөгөн студенттерден экзамен алганы белгилүү болгон. ЖОЖдон жүздөгөн адамдарды дароо карантинге жиберишкен. Сүрөтчүнүн аялы менен ойношу белектерин өткөргөн дүкөнгө келгендер дагы аныкталып, карантинге жиберилип, ал эми Индиядан алынып келинген белектер өрттөлгөн.

Эпидемия болгон жок

Борбордук Боткин ооруканасында абал оор болгон. Миңдеген оорулуулар жана кызматкерлер ал жактан чыга албай калышкан.

Мамрезервден Москвага керектүү нерселерди жүктөгөн жүк ташуучу унаалар чыккан. Москвадан Парижге учкан учак кайра катйып келген.

Жаңы гана Жаңы жылды тоскон Москва аскердик мезгилдин мыйзамдары менен  толугу менен жабылган. Ал шаарга кирүүгө жана чыгууга толугу менен тыюу салынган: авиакаттамдар токтотулуп, темир жол жана унаа жолдор жабылган. Медициналык кызматкерлер вирусту жуктуруп алышы мүмкүн болгондордун баарын күн түн дебей ооруканага ташып турушкан. Инфекциялык ооруканаларда улам жаңы керебеттер коюлуп, бир жумадан кийин 10 миңге жакын адам врачтардын көзөмөлүндө болгон. Дели-Москва каттамындагы бир жүргүнчүдөн гана башталган оору, ушундай чуу жараткан.

СССРдеги дезинфекция

Эң башкысы бул тууралуу өлкөдө жана дүйнөдө эч ким билген эмес. Ал убакта интернет жок болчу жана ооруканада палатада жатып алып эч ким селфи жасачу эмес. Болгону Москвада санитардык окуу жүрүп жатканы тууралуу ушактар гана айтылып, эч ким дүрбөлөңгө түшкөн эмес.

Ошол эле маалда эпидемияны күчөтпөө үчүн ага каршы күрөштүн экинчи фазасы иштеп баштаган – калкты тез арада эмдөө. Уралдагы фармишканаларда керектүү дарыны өндүрүү көлөмү дароо көбөйүп, Москвага жеткирилип турган. Ал жактан медициналык кызматкерлер баардык ишканалардын кызматкерлерин, москвалыктарды жана конокторду эмдеп чыгышкан.

Бийлик жалпы эмдөө жүргүзө баштаган

Бирок муну дагы абайлап жасашкандыктан шаардыктар эч нерсени билишкен эмес. Бийлик ММКларга эч кандай расмий маалымат берген эмес.

Ушундай катуу чаралардын жардамы менен кара чечектин жайылуусун алдын алышкан. Болгону 3 адам өлүмгө дуушар болгон. 1 айдан кийин ооруканага карантинге жаткырылгандар үйлөрүнө кайтышып, эмне болуп кеткенин дагы толук түшүнбөй калышкан. Ошол маалда, 60-жылдары Москва шаардагы гана кара чечекти токтотпостон анын дүйнөгө тарап кетпөөсүнө дагы салым кошкон

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.