Пара алган судьянын эркиндикте жүргөнү боюнча прокуратура комментарий берди

Окуялар тизмеги 14 Мар 2020 12:41
0 ой-пикир

Башкы прокуратура «2000 доллар пара алды» деп шек саналып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова эркиндикте жүргөнү боюнча комментарий берди.

Башкы көзөмөл органы «Соттордун статусу жөнүндө» мыйзамда судьяларды жазага тартууга Башкы прокуратуранын сунушу менен Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы уруксат берерин белгиледи.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) судья пара алганы боюнча кошумча далилдерди чогултуп жатат. Анын жыйынтыгында Тартип комиссиясына сунуш бериш үчүн материалды Башкы прокуратурага өткөрүп берет.

Эске салсак, Биринчи май райондук соттун судьясы Максат Орозбакова 12-мартта эки миң доллар пара алууга шектелип кармалган. Аны колго түшүрүү учурунун видеосун Финпол жарыялаган.

Ошол эле учурда пара менен кармалган судья жөнүндө кызыктуу фактылар аныкталды. Максат Орозбакова Биринчи Май райондук сотунун судьясы болуп 2018-жылы июлда дайындалган. Бир жыл 8 ай ичинде дисциплинардык комиссия судьяны эки жолу тартип жазасына тарткан. Комиссия тарабынан ага 2019-жылдын 4-апрелинде жана 2019-жылдын 27-июнунда эки ирет эскертүү берилген.

2020-жылдын 12-мартында судья Максат Орозбакова эки миң доллар пара алып жаткан учурда иш бөлмөсүндө кармалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.