Пара менен кармалган судья бүгүн кайра кызматта. ВИДЕО

Окуялар тизмеги 13 Мар 2020 13:38
0 ой-пикир

Пара алган деп шек саналып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова коё берилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди. Мекеме муну «мыйзамга ылайык, соттордун кол тийбестиги бар» деп түшүндүрдү.

Айрым массалык маалымат каражаттары күч органдарындагы булактарына таянып, судья Орозбакова жумушка чыкканын жазышты.

Эске сала кетсек, Финансы полициясы 12-мартта ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова кармалганын кабарлаган. Финполдун маалыматына караганда, ал «2000 доллар пара алып жаткан жеринен» колго түшүп, сотко чейинки териштирүү башталган.

Судья Максат Орозбакова 1982-жылы Талас облусунда төрөлгөн. Биринчи Май райондук сотунун судьясы болуп 2018-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Бишкек шаардык сотунда судьянын жардамчысы болуп иштеген.

Биринчи май райондук соту бул окуя боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.