Зомбулукка каршы Бишкекте митинг өтөт

Окуялар тизмеги 09 Мар 2020 14:00
0 ой-пикир

8-март күнү «Аялдардын шериктештик маршы» учурунда кармалган айымдарды колдоо максатында Бишкекте митинг өтөт. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына акциянын уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка караганда, тынчтык митинг эртең, 10-мартта саат 12:00дө борбор калаадагы Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелиги алдында өтөт.

Уюштуруучулар 8-мартта кармалган айымдарды колдоо максатында акцияга чыгып берүүгө чакырышты.

Эске сала кетсек, 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок алгач белгисиз маскачан жигиттер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция акцияга катышкан айымдарды кармай баштаган. Милиция кармап кеткендердин арасында укук коргоочу Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер бар экени кабарланды.

Кечирээк милиция кармалгандарды коюп жиберген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.