Аялдар майрамында кармалган айымдар бошотулду. Сүрөт

Окуялар тизмеги 08 Мар 2020 16:01
0 ой-пикир

Аялдардын маршында кармалгандар бошотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» укук коргоочу Динара Ошурахунова маалымдады.

«Кээ бири түшүнүк кат жазышты. Айрымдарын жөн эле бошотушту, балким паспортундагы маалыматтарды жазып калса керек. Ал эми айрым уюштуруучулар «милицияга баш берген жок» деген негизде кармалган экен. Бирок милиция ал жакка келип «тарагыла» деп айткан эмес.

Укук коргоочунун айтымында, милиция марштын элүүдөй катышуучусун автобуска салып кеткен.

Буга чейин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен байланышып, кармалгандарды бошотууну суранганын «Азаттыкка» билдирген.

Бүгүн Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган. Милиция кармап кеткендердин арасында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер болду.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын билдирди.

Фото: Savia Hasanova

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.