Ирандын аймагынан чыга албай жаткан айдоочулар «Баракелде» басылмасына учурдагы абал тууралуу видео жөнөттү.
Алар өлкө жетекчилигинен Ирандын аймагынан чыгарып кетүүнү суранып жатышат. Айдоочулар белгилегендей, унааларында күйүүчү май түгөнүп, тамак-аш да калбай калган. Ал жердеги дүкөндөр жабык. Ал эми Кыргызстандын Ирандагы консулу күтүп туруу экенин айткан.
«Бизди чыгарып кетүүңүздөрдү суранабыз», — дейт айдоочулар.