ТҮЗ ЭФИР: Аялдардын шериктештик жүрүшүнүн катышуучуларын милиция кармап кетти

Окуялар тизмеги 08 Мар 2020 12:20
0 ой-пикир

8-март – Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Бишкекте бул күнү «Аялдардын шериктештик маршы» өтүп жатат. Анда аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылууда.

Жүрүш саат 12:00дө Жеңиш аянтынан башталган. Бирок белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган.

Эске сала кетсек, 2019-жылы үй-бүлөлүк, анын ичинен физикалык, психологиялык, сексуалдык зомбулукка кабылгандардын саны 5 миңден ашкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.