“Апрелдин” журналисти милиция тарабынан сабалдыбы?

Окуялар тизмеги 08 Мар 2020 19:20
0 ой-пикир

Бүгүн, 8-мартта Бишкек шаарында “Айымдарга болгон зомбулукка каршы” жөө жүрүшү өттү. Бул иш чараны “Бишкек феминисттер демилгечиси” уюму уюштуруп жаткан.

Бирок, иш-чаранын катышуучулары чогулуп жаткан маалда ак калпак кийген, беттерине бет кап тагынган бир топ эркектердин тобу келип жөө жүрүштүн катышуучуларынын лозунгдары жазылган плакаттарды айрып, айрымдарына кол көтөрүп кубалап жиберишкен. Андан соң милиция кызматкерлери келип кол салгандарды эмес, тескерисинче жабырлануучуларды, тагыраагы акциянын катышуучуларын кармап кеткен.

Кармалган акциянын катышуучулары Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине жеткирилип, түшунүк кат жазышкан соң кайра коё берилген.

Ал эми “Апрель” телеканалынын журналисти Канат Каниметов да окуяны түз эфирден чагылдыруу учурунда милиция кызматкерлери анын уюлдук телефонун тартып алууга жана кармап кетүүгө аракет кылышканын айтты. Ошондой эле милиция кызматкерлери анын башын жаап алышып башка, бөйрөккө бир нече ирет ургулап, андан соң 20 мүнөттөй суракка алып коё беришкенин кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.