Ирина Карамушкина: Сот ачык өтпөсө, коомдо бийликке карата ишенимдин жоктугу күчөйт. ВИДЕО

Окуялар тизмеги 05 Мар 2020 14:55
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш ишинин баштапкы угуулары жабык өтүүдө.

Бул соттун жүрүшү боюнча өз пикирин парламенттин жалпы жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди. Ал сот жараяны ачык өтүшү керектигин, антпесе коомдо бийликке карата ишеним жоголорун айтып чыкты.

«Альфанын” күбө катары өтүп жаткан кызматкерлеринин баары башка ат менен жазылган. Эгер чындык азыркы бийлик тарапта болсо ачык териштирүүгө биринчи кезекте ал өзү кызыкдар болмок. Соттун жабык өтүшү коомду ого бетер бөлүп-жарып, бийликке болгон ишенимдин жоктугун күчөтөт», — деп эсептейт Ирина Карамушкина. 

Карамушкина Кой-Таш окуясы боюнча териштирүүдө өлкөнүн кызыкчылыгына доо келтире турган “эч кандай сыр жоктугун”, “ашкере боло турган жалгыз нерсе – күч түзүмдөрүнүн компетенциясынын жоктугу жана коррупциялашканы” экендигин кошумчалады.

2019-жылдын август айында УКМК жана ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөндө “Альфанын” бир офицери каза таап, 200дөн ашуун адам жараат алган. Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иши өзүнчө тергелүүдө.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бул күндөрү баштапкы соттук отурум уланууда. Териштирүү ачык өтөбү же жабык болобу, азырынча белгисиз.

Прокурорлор сот ачык өтүшүн колдой турганын билдирди. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.