Кой-Таш окуялары боюнча сот: баштапкы угуулар бүгүн уланат

Окуялар тизмеги 05 Мар 2020 09:18
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш ишинин баштапкы угуулары өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Мамлекеттик айыптоочу Нурлан Тагаевдин айтымында, 4-марттагы соттук угуулардын жыйынтыгы менен жактоочу Жунусовдун өтүнүчү боюнча бир эле чечим кабыл алынды. Сот ал өтүнүчтү канааттандырган жок.

«Эртеңкиге жактоочулар Автандил уулу Б. жана Рамазанованын эки өтүнүчү калтырылды. Алар дагы айрым далилдерди иштин материалдарынан алып салууну өтүнгөн», — деди ал.

Ал белгилегендей, соттук отурум бүгүн саат 14:00дө улантылат.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

КР Башкы прокуратурасы билдиргендей, Башкы прокуратура КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 252-беренесине ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынан түшкөн, Атамбаев А.Ш., Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б., Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (Барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (Адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (Адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы тиркелген 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши менен таанышып чыгып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлгөндүктөн 5 адамга карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.