Ала-Тоо аянтындагы митинг: Өкмөт отставкага кетсин!

Окуялар тизмеги 02 Мар 2020 14:04
0 ой-пикир

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында эркинен ажыратылган мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өтүп жатат.

Митингдин жүрүшүндө камактагы саясатчы Садыр Жапаровду абактан чыгаруу менен катар өкмөттү отставкага кетирип, Конституциялык реформа жүргүзүү талабы коюлду. Бул тууралуу митингде сүйлөгөн Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев билдирди. Чолпонбаев «өлкөдөгү бир катар кемчиликтерди жоюу үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү жана өкмөттү отставкага кетирүү зарыл», — деп айтты.

Уюштуруучулар акцияга 5 миңге жакын киши катышып жатат деп айтышууда. Көз карандысыз байкоочулар чогулгандар 2 миңге жакын деп жатышат. Ички иштер министрлиги акциянын катышуучуларынын саны боюнча маалымат бере элек.

ИИМнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, милиция штаттык режимде иштеп жатат.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Жогорку соттун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал «Барымтага алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

Абактагы Садыр Жапаров өз жактоочуларына кайрылып, митингге чыкпоого үндөгөн болчу.

Ички иштер министрлиги митинг учурунда коомдук тартипти бузгандарга карата катуу чара көрүлө турганын эскерткен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.