Коронавирус: Япониядагы круиздик лайнерде бешинчи жүргүнчү көз жумду

Окуялар тизмеги 29 Фев 2020 09:20
0 ой-пикир

Япониянын Иокогама портундагы курчоодо турган Diamond Princess лайнеринин бешинчи жүргүнчүсү коронавирустан каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин Известия басылмасы жазды.

COVID–19 оорусунан каза болгон жаран Токионун 70 жаштагы тургуну болгон.

Diamond Princess лайнери 20-январда Йокогама шаарынан Кагосима — Гонконг – Окинава каттамы боюнча эки жума саякаттамак болчу. Бирок, кийинчерээк аталган кемеде бир жүргүнчү коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болгон.

3-февралда кеме Йокогама портунда токтотулган. Учурда аталган лайнерде коронавирусту жуктуруп алган 705 учур катталды.

Diamond Princess лайнеринде болжол менен 3,7 миң адам болгон.

Эскерте кетсек, Япониядагы Diamond Princess лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.