Круиздик лайнердеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Окуялар тизмеги 28 Фев 2020 12:45
0 ой-пикир

Японияда карантинге алынган «Diamond Princess» лайнеринде Кыргызстандын жараны коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, эки күн мурун кыргыз жаранынын анализдери чыгып, коронавирус аныкталган. Ал Япониянын ооруканасына жактырылган.

«26-февралда кыргызстандыктын анализдери оң болуп чыкты. Башкача айтканда, коронавурустун жеңил түрү аныкталган. Жараныбызда жөтөл, тамак оору жана ошондой эле дене табы көтөрүлгөнү байкалган эмес. Ал япониялык дарыгерлер тарабынан күнү-түнү көзөмөлдө болууда. Күн сайын кан жана шилекейдин анализдери алынып жатат», — дейт Абдрахманов.

Ал белгилегендей, кыргызстандык жаран менен элчилик байланышта болууда.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган лайнерде кыргызстандыктын жанындагы адамдан коронавирус байкалгандыктан, ал да ооруканага жаткырылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.