Көңүл бургула! Чек арадан ID-карт менен өтүүгө тыюу салынды

Окуялар тизмеги 29 Фев 2020 09:14
0 ой-пикир

Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын чек арасынан ID-карт менен өтүүгө 1-марттан тарта убактылуу тыюу салды. Мындай чара жарандардын коопсуздугун сактоо жана чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү максатында киргизилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди:

“Буга чейин эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды», — деп айтылат өкмөттүн коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечимине таянган маалыматында.

Ошондой эле штаб кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерден оолак болууга жана жеке гигиенаны сактоого чакырды.

Буга чейин Кыргызстан коронавирус жайылып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын келишине убактылуу чектөө киргизди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.