Коронавирус: илдетке кабылган кыргызстандык аныкталды

Окуялар тизмеги 18 Фев 2020 10:19
0 ой-пикир

Япониянын Diamond Princess саякат кемесинде коронавирусту жаңы жуктуруп алгандардын арасында Кыргызстандын жараны да бар. Бул тууралуу World of Cruising журналы жазды.

Медицина кызматкерлери круиздик лайнердин 67 жүргүнчүсү COVID-19 коронавирусун жаңы жуктуруп алганын катташты. Учурда кеме Япониянын Йокогама портунда карантинде турат.

Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги 15-февраль күнү вирусту жаңы жуктуруп алган 67 адамдын жарандыгын жарыялады.

«Министрликтен билдиришкендей, жаңы жуктургандар Австралиянын (5), Канаданын (3), Кытайдын (3), Германиянын (2), Гонконгдун (1), Кыргызстандын (1), Индиянын (2), Япониянын (27), Филиппиндин (17), Тайвандын (1), АКШнын (5) жарандары», — деп билдирди Princess Cruises круиздик компаниясынын өкүлү.

Кеме 5-февралдан бери Йокогамада  эки жумалык карантинде турат. Акыркы маалыматтар боюнча, лайнерде оору жуктургандардын жалпы саны 450 адамдан ашты. Бардыгы кемеде 3 миң 400 адам бар.

Буга чейин АКШнын Токиодогу элчилиги кемедеги жүргүнчүлөрдүн арасындагы америкалыктар эки учак менен АКШга жөнөтүлгөнүн кабарлаган. 17-февралда АКШнын Мамлекеттик департаменти саякат кемесинен эвакуацияланган 300 америкалык жарандын ичинен 14 адамдан илдеттин белгилери табылганын жарыялаган. Кемеден эвакуацияланган 300 адам толугу менен дагы 14 күн бою АКШда карантинде болушмакчы.

Дүйнө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 71 миң кишиден ашты. 70 миңден ашыгы Кытайда катталган. Каза болгондордун саны 1770 адамга жетти. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.