Алмаматовдун иши: Президент сындаган судья эмнеге кызматтан алынбаганы айтылды

Окуялар тизмеги 26 Фев 2020 18:45
0 ой-пикир

Мурда 12,5 жарым жылга кесилген Насирбек Алмаматовдун жазасын айып пулга алмаштырып, анын өлкөдөн качышына өбөлгө түзгөн Бишкек шаардык сотунун судьясынын жоопкерчилиги каралбай жаткандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев көтөрүп чыкты.

Эл өкүлү ал судьяны Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков дагы сындаганын эскертип, ошого карабай жаза сөгүш берүү менен чектелгенине нааразы болду.

«Быйыл сотторго каражат былтыркыга салыштырмалуу 35 пайызга көп бөлүнгөн. Бирок эмнегедир коомчулук сот тармагында адилеттүүлүк орноп баштаганын сезе элек, жылыш жок. Президент «саясий эркти да, акчаны да беребиз» деди. Президент Коопсуздук кеңешинде «Алмаматовду кантип бошотуп жибердиңер, ушундай соттор кантип иштеп жүрөт?» деп абдан таң калды. Бирок сиздер президенттин сөзүн чымын чаккандай көргөн жоксуңар. Судья Кымбат Архаровага сөгүш берүү менен чектелипсиңер. Бул соттор мындан ары да коррупцияга каршы күрөштө саботаж жасоону улантат дегенди түшүндүрөт. Бул бир эле мисал, башкасын айтпай эле коёюн», — деди Акаев.

Буга жооп берген Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жетекчиси мындай чечим добуш берүү менен кабыл алынганын айтты.

«Комиссияга тогуз адам мүчө. Анын үчөө сот системасынан, үчөө Жогорку Кеңеш, үчөө президент тарабынан дайындалат. Маселе добуш менен чечилет, натыйжада ушундай чечим кабыл алынды», — деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык унааларды каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насырбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Тергөө билдиргендей, ал унаа каражаттарын каттоо жана кайра каттоодо коррупциялык схема түзгөн. 2019-жылдын март айында райондук сот аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, июль айында шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, ага 3,3 млн сом айып салып, камактан бошоткон. Кийин Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, биринчи инстанциядагы соттун 12,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Учурда ал издөөгө алынган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Алмаматов кармалбай жатканы үчүн прокуратура жана соттор күнөөлүү деп эсептей турганын 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан.

Президенттин сынынан кийин Насирбек Алмаматовдун иши боюнча прокурор кызматтан алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.