Өкмөт Текебаевдин сынына жооп кайтарды

Окуялар тизмеги 25 Фев 2020 10:18
0 ой-пикир

Өкмөт “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сынына жооп кайтарды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүү таратып, “премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өмүрбек Текебаевдин өлкөдөгү кырдаал жөнүндөгү эмоционалдуу кебине жооп берүү зарыл эмес деп эсептей турганын” белгиледи.

“Айрым саясатчылардын эс-тутуму өтө кыска болот. Мисалы, Кызыл-Омполдогу уран кенине байланыштуу Текебаев учурдагы өкмөттүн иши ордунан чыкпай калганы катары көрсөтүүдө. Чындыгында уранды чалгындоого лицензияны 2013-жылы өкмөт берген. Ошол өкмөттү ал кезде Текебаев алдыңкы ролду ойноп турган башкаруучу коалиция түзгөнүн унутуп калдыбы? Ал эмне үчүн ошол учурда унчуккан жок? Анын кесиптештери жарандардын талкуусуна чыгарбастан, түкүрүк үчүн айып каралган чийки, чала иштелген Бузуулар жөнүндөгү кодексти кабыл алганда эмне үчүн анын үнүн уккан жокпуз? Өкмөткө мураска калган, акырындык менен мина болуп жарыла турган, өлкө үчүн кооптуу болгон мындай тизмени дагы атай берсе көп” — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, 22-февралда “Ата Мекен” партиясынын шаардык конференциясында Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, өкмөттүн ишин катуу сынга алган.

“Кыргызстанда экономикалык абал начарлап, инвестиция качып жатат. Өкмөт демилгесин жоготту. Ат Башы районуна курула турган логистикалык борборду Өкмөт өзү чечпей, эл чечти. Чек ара меселесин жөнгө салчу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дагы отставкага кетти. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетелеме болуп калды. Бүгүн биз кооптуу кырдаалда жашап жатабыз. Андыктан баштан аяк өзгөрүү жасоо керек. Ал өзгөрүү шайлоону акыйкат өткөрүү, ошондо гана эл ынанат. Алдыдагы шайлоо капчыктардын жарышы эмес, жеке инсандардын жарышы болуш керек. Өкмөт, Президент ушундай шайлоо өткөрүш керек”, — деди Текебаев.

Быйыл 12-апрелде Кыргызстанда айрым жергиликтүү кеңештерге, ал эми 4-октябрда парламентке шайлоо өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.