«Ата Мекен» партиясынын шаардык конференциясы өттү

Окуялар тизмеги 22 Фев 2020 18:16
0 ой-пикир

Бүгүн,  22-февралда “Ата Мекен” партиясынын шаардык конференциясы өттү.

Конференциянын жүрүшүндө партиянын лидери Өмүрбек Текебаев өлкөнүн экономикалык-саясий абалы тууралуу кеп козгоду.

“Кыргызстанда экономикалык абал начарлап, инвестиция качып жатат. Өкмөт демилгесин жоготту. Ат Башы районуна курула турган логистикалык борборду Өкмөт өзү чечпей, эл чечти. Чек ара меселесин жөнгө салчу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дагы отставкага кетти. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетелеме болуп калды. Бүгүн биз кооптуу кырдаалда жашап жатабыз. Андыктан баштан аяк өзгөрүү жасоо керек. Ал өзгөрүү шайлоону акыйкат өткөрүү, ошондо гана эл ынанат. Алдыдагы шайлоо капчыктардын жарышы эмес, жеке инсандардын жарышы болуш керек. Өкмөт, Президент ушундай шайлоо өткөрүш керек”, — деди Текебаев.

Конферецияда партия 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышары белгилүү болду.

Ошондой эле партиянын съездине делегаттарды, шаардык уюмдун төрагасын, шаардык уюмдун саясий кеңешинин мүчөлөрүн кайра шайлоо өттү.

Партиянын республикалык съезди 20-мартка белгиленди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.