Эркин күрөш боюнча Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков алтын медаль утуп алды.
Улукбек Жолдошбеков финалга чейинки этапта казакстандык Нурболат Абдуалиевди, чейрек финалда ирандык Мажид Алмаз Дастанды, жарым финалда индиялык Рахул Баласахебди жеңип алган.
Финалда тажикстандык Мухаммад Икрамовду далысын тийгизип, таза артыкчылык менен утту.
Жолдошбеков узаган жылдын октябрь айында U23, жаштар арасындагы мелдеште дүйнө чемпиону болгон.
18-23-февраль күндөрү Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандыктар экинчи ирет алтын медаль утуп алышты. 22-февралда кыргызстандык эркин күрөшчү Арсалан Будажапов Азия чемпиону болгон.