Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду

Окуялар тизмеги 22 Фев 2020 20:40
0 ой-пикир

Эркин күрөш боюнча Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов алтын медаль тагынды.

Будажапов 79 килограмм салмакта күрөшкөн. Финалда ал индиялык Балиян Гоурав менен күрөшүп, аны 7:5 эсебинде жеңип чыкты.

Кыргызстандык балбан жарышты чейрек финалдан баштап, анда казакстандык балбан Галымжан Усербаевди (4:2) жеңген. Андан кийин жарым финалда ирандык Али Бахтияр Савадкоушини 3:1 эсебинде жеңип чыккан.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.