Жалал-Абад облусунун администрациянын жылдык коллегиясы жабык эшик артында өтүп жатат

Окуялар тизмеги 14 Фев 2020 16:33
0 ой-пикир

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды.

Сапардын жүрүшүндө премьер-министр Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясына катышууда.

Кызыктуусу, бул жыйынга Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» каналынын журналисттеринен башка медиа каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок. Өкмөттүн басма сөз кызматы башка журналисттердин эмне үчүн укугу чектелгенин түшүндүргөн жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.