Алымжан Козубаев Коопсуздук кеңештин чечиминен кийин иштен алынды

Окуялар тизмеги 13 Фев 2020 10:16
0 ой-пикир

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Алымжан Козубаев ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалды.

Белгилей кетсек, буга чейин, Коопсуздук кеңеши Алымжан Козубаевди кызматтан алууну сунуштаган.

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы жумушчу тобу 30-январда, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүн карап, жыйынтыгында канаттандырарлык эмес деп тапкан.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мекемеде системдик коррупцияны жоюу иштери жасалган эместигин белгилеген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.