Коопсуздук кеңеш "Унаа" мекемесинин башчысы Козубаевди кызматтан алууну сунуштады

Окуялар тизмеги 31 Янв 2020 11:16
0 ой-пикир

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы жумушчу тобу бүгүн, 30-январда, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүн карады жана канаттандырарлык эмес деп тапты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев аталган мамлекеттик ишканадыгы бир катар кемчиликтерди белгиледи. Мекеменин жетекчилиги арыздарды жана автоунааларды каттоонун, кайра каттоо үчүн тийиштүү документтердин онлайн берүү механизмин иштеп чыгып, киргизген эмес.

Айдоочулук укуктан ажыраган айдоочулар жөнүндө документтердин автоматташтырылган маалыматтар базасына өзгөртүүлөр киргизилген эмес.

Укук коргоо органдары тарабынан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иши козголуп, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы белгиленди. Мамлекеттик ишканасынын директору Алымжан Козубаев сотко чейинки өндүрүштүн өзүнчө материалдары боюнча өтүп жатат.

Өкмөткө мекеменин директору Алымжан Козубаевди кызматынан бошотуу сунушталды.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунда каралган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.