Бүгүн Бишкекте кармалган карышкыр «Бугу Эне» коомдук фондуна өткөрүлүп берилди.
Фонддон белгилешкендей, ал 8-9 айлык ургаачы карышкыр экен.
«Ал агрессивдүү эмес экен. Бирок тиштеп алышы мүмкүн. Өтө коркуп калган. Ал бөлтүрүк кезинен адамдын колунда багылып келген. Жоголуп кеткен болушу мүмкүн», — деп билдиришти фонддон.
Ветеринарлар ага седация жасап, текшерип, канын анализге алышкан.
Эскерте кетсек, ал карышкыр бүгүн №41 орто мектептин жанында кармалган.