Семетей АМАНБЕКОВ —Elgezit.kg сайтынын башкы редактору.
Кыргыз Өкмөтү өлкөнү АКШнын “кара тизмесинен” чыгарып, алар менен достук мамилени калыбына келтирүүгө жан үрөп баштады.
Өрттөнүп бүткөн соң өрт өчүрүүчүлөдүн канчалык зарылчылыгы бар?
Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Ташкентте АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпео менен жолугушту. Биздин министр АКШнын Ак үйүндөгү аткаминер менен Вашингтон кыргызстандыктарга киргизген визалык чектөөнү жокко чыгаруу боюнча чечимди карап чыгууга көндүрүүгө аракет кылган. Помпео болсо бул маселе боюнча укук коргоо органдарынын деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү улантуу керектигин билдирген.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов АКШнын элчиси Дональд Лу менен жолугушуп, 2021-жылы биометрикалык паспорттор киргизилерин айткан. Элчи болсо чыныгы дипломат катары реакция кылган: АКШ бул демилгени колдой турганын жана баардык жагынан жардам берүүгө даяр экенин билдирген. Бирок эч кандай убадаларды берип, визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча конкреттүү сунушун берген жок.
Эмнеге чектөө киргизилгенге чейин эле мындай иштер жүргүзүлгөн эмес, ТИМге бул багытта иш алып барууга эмне тоскоол болду деген суроо туулат.
Аткаминерлердин учурдагы бул аракеттери үй толугу менен өрттөнүп кеткенден кийин өрт өчүрүүчүлөр буюмдарды алып чыкканга окшоп турат.
Баса, мамкатчы Помпео мурда Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөргө – Ташкенттен баштап, Киевге, Минскиге жана Нур-Султанга чейин барып, евразиялык турне кылды. Бирок ал Бишкекке келген жок. Бул америкалыктар Кыргызстанды мындан ары Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөктөш катары карабай калды дегенди билдирет.
Атамбаевдин оор мурасы
Адилеттүүлүк үчүн ТИМдин азыркы жетекчилигине оор мурас калганын айтып коюу керек. Белгилүү болгондой, экс-президент Алмазбек Атамбаев баардык стратегиялык өнөктөштөр – Казакстан, Өзбекстан, Түркия, АКШ… менен мамилени бузууга жетишкен. Өзгөчө акыркысы менен.
Баары 2014-жылы Кыргызстандан америкалык авиабаза чыгарылганда башталган.
Бир жылдан соң, 2015-жылы Атамбаев өз Өкмөтүнүн 1993-жылы кол коюлган, Кыргызстан менен АКШнын Өкмөттөрү ортосундагы кызматташуу боюнча базалык келишимди денонсациялоо тууралуу чечимин колдогон. Сүйлөшүү үчүн келген ошол маалдагы мамкатчы Джон Керрини (дүйнөлүк масштабдагы салмактуу саясатчыны) Атамбаев суз кабыл алып, Вашингтон менен сүйлөшүүнү каалабай турганын көрсөткөн. АКШ менен болгон дипломатиялык мамилеге олуттуу сокку болгон.
Мамилелерди оңдоо аракеттери көпкө созулганда
Жаңы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтагы алгачкы күндөрүнөн тарта эле стратегиялык өнөктөштөр менен дипломатиялык мамилелерди достук дэңгээлине чыгарууга каалоосу бар экенин билдирген. Жаңы Конституция боюнча тышкы саясат менен Өкмөт алек болушу керектигине карабай, президент Жээнбеков мамилелерди оңдоо үчүн жеке өзү бир катар өлкөлөргө барып келди. Мамлекет башчысы АКШ менен болгон мамилени дагы жөнгө салууга аракет кылды.
“Биз азыр кызматташуудабыз, бул багытта иштеп жатабыз. Америка Кошмо Штаттары менен болгон биздин мамиле жаңыланат”, — деген Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдагы маалымат жыйынында.
Бирок бул ишара Өкмөт жана ТИМ тарабынан тиешелүү деңгээлде кабыл алынган жок. Штаттар менен масштабдуу сүйлөшүүлөр башталган жок. АКШ менен болгон мамилени калыбына келтирүү үчүн ТИМ кандай иш алып барганы жана алардын деги эле мындай планы барбы азыркыга чейин түшүнүксүз бойдон калууда.
Кыргыз паспорттору бар террористтер
2019-жылы биометрикалык паспортторду даярдоого байланышкан тендердин айланасында чуу чыкты.
Кыргыз паспортуна байланышкан көйгөй мурда эле бар болчу – дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда террористтер Кыргызстандын жасалма паспортторун колдонушкан. Дүйнөлүк коомчулукта кыргыз паспорту дүйнөдөгү коргоо элементтери эң начар документ деген пикир калыптанды. Кеп жасалма паспорттордо деле эмес, кеп биздин системанын коррупцияга батканында. Себеби акчасын алган айрым маморгандар чыныгы паспортту мыйзамсыз түрдө деле берип коюшат. Ошондо эле бир катар өлкөлөр буга тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстандын бийлигин тезинен чара көрүүгө көндүрүүгө аракет кылышкан.
Өкмөт ошол маалда жакынкы аралыкта Кыргызстанда чет өлкөгө чыгуучу паспорттор биометрикалык болорун айтышып, бул террористтерге паспортторду мыйзамсыз берүү мүмкүнчүлүгүн жоёт дешкен. Ошентип биометрикалык паспортторду даярдоо боюнча өткөн тендерден чуу чыгып, процесс белгисиз убакка жылдырылып калган.
2020-жылдын 22-январында АКШ айрым мамлекеттерге визалык чектөө коюлары тууралуу расмий билдирген. Алардын ичинде Беларусь жана Кыргызстан бар болчу. Беларусиялык дипломаттар бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, өлкөсүн “кара тизмеге” киргиздирбей калышты. Биздин дипломатиялык мекеме болсо өзүнө АКШнын элчисин чакыруу менен гана токтоп калды. Натыйжа ушул, биз “кара тизмедебиз”.
ТИМ эмне кылышы керек эле?
- Биринчи кезекте АКШ менен болгон мамилени калыбына келтирүү боюнча стратегиялык планды аныктап, кызматташуу багыттарын аныктап, иш-чаралар планын жазып, зарылчылык болсо эки тараптын жетекчилеринин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусун уюштурушу керек эле.
- 2020-жылдын 22-январында АКШнын билдирүүсүнөн кабардар болгон соң, КР ТИМи бул абалга кептелбөө үчүн болушунча күчүн жумшап, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси менен АКШнын элчисине жолугушуу уюштуруп, АКШга укук коргоо органдарынын, Мамкаттоо кызматынын өкүлдөрүн, дипломаттарды жөнөтүп, кеңейтилген жана тар курамда кеңешмелерди өткөрүүсү керек эле. Тышкы саясатты аныктаган Өкмөт башчы уюштуруучулук иштин баарын мойнуна алып, Тышкы иштер министри болсо иштин процессин ишке ашыруусу керек болчу.
Мындай аракеттер болгон жок. ТИМ жөн гана кол куушуруп отурду жана Кыргызстан бул “кара тизмеге” кирбеши үчүн эч кандай аракеттерди жасаган жок.
АКШнын “кара тизмеси” бизге кандай көйгөйлөрдү жаратат?
- Кыргызстандын тышкы саясаттагы имиджине, инвестициялык жана туристтик тармактарга доо кетет. АКШ – бул дүйнөдөгү көп өлкөлөр эсептешкен дүйнөлүк держава. Кыргызстандын Эритрея, Нигерия, Танзания жана Мьянма менен катар бир тизмеде болгону бул биздин өлкө үчүн жакшы жарнама эмес.
- АКШнын анртынан Евробиримдик, Канада, Австралия ж.б. өлкөлөр дагы “темир парда” тартып коюшу ыктымал. Эл аралык деңгээлде элден чыгып калуудан өткөн жаман эмне бар?
- Биздин мигранттар тарабынан которулган акчаларды көлөмү боюнча алсак, АКШ экинчи орунда турат. Иммиграцияны жабуу менен АКШда иштеп, жашагысы келген кыргызстандыктардын планы кыйрады.
- Борбордук Азияда “демократия аралы” аталган, эркиндик үчүн эки жолу төңкөрүш кылган Кыргызстан Түндүк Корея, Иран, Сомали менен бир тизмеде болгону – бул нонсенс. Бул авторитардык режимдеги биздин коңшулар (Өзбекстан, Түркмөнстан) дүйнөлүк коомчулуктун көзүндө бизден жогору турат дегендик.
Президенттин негизги картасы жабылдыбы?
ТИМдин бул көйгөйү өлкөдөгү бүтүндөй министрлер кабинетинин көйгөйүн чагылдырып турат. Мындай иш билгисиздик өлкөнүн ички саясатында дагы кайталанып турат.
Билимдүү, тажрыйбалуу кадрлардын жоктугу – стратегиялык жана учурдагы иштердин планынын жоктугу маморгандардын ишинин системалуулугун, эффективдүүлүгүн жоготууда.
Экономикадагы, санариптештирүүдөгү жана коррупция менен күрөшүүдөгү ийгиликсиз аракеттерден кийин, минтип тышкы саясатта дагы иш ийгиликсиз болуп отурат.
Чынгыз Айдарбеков билимдүү адис экени жана кооз сүйлөй алары талашсыз. Дүйнө кыдырганды жактырат. Бирок практикалык көз караштан караганда, Кыргызстандын тышкы айдыңдагы абалын жакшыртуу үчүн ал эч нерсе кылган жок.
Казакстандын элчисин чакырып, чек арада жүк ташуучу унаалар катарынан тизилип, өтө албай турганы боюнча нааразычылыгын билдирүүгө ага эмне тоскоол болууда? Эмнеге кыргыз мигранттарын “кыргыздар багынгыла” деген кыйкырык менен ит сымал кубалап жүрүшсө дагы Россия менен сүйлөшүүлөр жүрбөй эле? Эми болсо виза маселеси. Кыскасы, бул тизмени улай берсек болот…
Тышкы саясат акыркы убактарга чейин Сооронбай Жээнбековдун колундагы күзүр болуп келген. Өлкө ичинде канчалык кыйынчылыктар болсо дагы ал көптөгөн коңшулар менен мамилени түздөй алды. Бирок эгерде ал бул багытта ийгиликтерин уланткысы келсе, анда кайсы кадрлар менен иштеши керектигин тыкыр ойлонуусу керек.