Өкмөт «Алтын кум», «Рохат» жана «Дилором» мамлекеттик пансионаттарын жеке менчик башкарууга берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов билдирди.
Анын айтымында, өлкө боюнча мамлекет ээлик кылган 31 пансионат бар. Алардын үчөө – «Алтын кум», «Рохат» жана «Дилором» пансионаттары «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын карамагында турат. Калган пансионаттар башка министрлик жана мамлекеттик органдарга таандык.
«Аталган үч пансионатта имараттардын абалы начар. Алардын жетекчилеринин айтымында, ал имараттар аларга ошондой абалда калган. Мындан улам аларга инвестиция талап кылынат. Ал ишканалар жылына бюджетке дээрлик 3 млн сом киреше алып келет», — деди ал.
Ал белгилегендей, бул ишти талдап чыгып, алдыда үч пансионатты ишеним башкарууга же жеке-мамлекеттик өнөктөштүккө берүүнү пландап жатышат.
Эске сала кетсек, 2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, «Рохат» — «Алтын жай», «Дилором» — «Эне-Сай», «Золотые пески» — «Бостери» деп өзгөргөн. Ал эми «Бустон» пансионатынын аты ошол бойдон калган.