Ишкер Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиясынын отуруму өтөт

Окуялар тизмеги 30 Янв 2020 12:21
0 ой-пикир

31-январда саат 11:00дө Жогорку Кеӊеште Кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана “Азаттык» үналгысынын жетекчилери чакырылган.

Эскерте кетсек, 21-январда ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын биринчи жыйыны болуп өткөн. Жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев маалымат беришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.