Президенттин сынынан кийин прокурор кызматынан айрылды

Окуялар тизмеги 27 Янв 2020 20:08
0 ой-пикир

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун иши боюнча прокурор кызматтан алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын өкүлү Кадырбек Марайымбеков 27-январда кабарлады:

— Ал прокурор иш экинчи инстанцияда, шаардык сотто каралып жатканда мамлекеттик айыптоочу болгон.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы, коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, сот жообуна тартылган Алмаматовду издөө уланып жатканын буга чейин Бишкектин Октябрь райондук милициясы кабарлаган.

Ал Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрындагы токтомуна ылайык кайра абакка камалышы керек болчу.

Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айыппул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон.

Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылган.

Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрдагы токтому менен ага карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Алмаматов кармалбай жатканы үчүн прокуратура жана соттор күнөөлүү деп эсептей турганын 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.