Коронавирус: Кытайда илдетке чалдыккандардын саны 830га жетти, 26 адам каза болду

Аалам, Окуялар тизмеги 25 Янв 2020 10:00
0 ой-пикир

Кытайда коронавирустан көз жумгандардын саны 26 адамга жетти. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү илдетке чалдыктардын саны 830 адамга жеткенин билдиришти. Белгисиз вирустун жайылышын көзөмөлгө алуу үчүн баш-аягы 41 миллион адам жашаган 13 шаарга карантин киргизилип, коомдук транспорттун каттамдарына чектөө коюлду.

Бул вируска кабылгандар Жапонияда, Филиппинде, АКШда, Түштүк Кореяда, Таиландда жана Сауд Арабиясында да катталды. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азырынча эл аралык деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыялоого эрте экенин, вакцина иштеп чыгуу аракети уланып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жоктугун билдирген.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча малекеттик агенттик чек арадагы ветеринардык текшерүү пункттарында жана жана аэропорттордо текшерүүнү күчөткөн. Коронавирус боюнча кырдаал турукташканча Кытайдан эт жана эт продукцияларын ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.