Абылгазиев: Өкмөт мүчөлөрүнүн аткаруучулук тартибинде маселе бар

Окуялар тизмеги 24 Янв 2020 14:52
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин буга чейин болгон үч жыйынында кабыл алынган чечимдер өкмөт мүчөлөрүнүн шалаакылыгынан улам толук аткарылбай калды деп эсептейт. Ал 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып мамлекеттик кызматкерлерде аткаруучулук тартип жок экенин айтты.

Премьер-министрдин жыйында өкмөт санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңештин чечимдеринин 85% аткарылганын, ал эми тоо-кен тармагы боюнча 50% ашыгы аткарылганын билдирди

«Министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн аткаруучулук тартибинде маселе бар. Жасалбай калган иштердин көбү өзүбүздүн шалаакылыгыбыз жана көңүл кош мамилебиз болуп жатат. 22-январда жыйын кылып, 49 адамга чара көрүү жөнүндө чечим кабыл алдык», — деди өкмөт башчысы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.