Ысык-Көлдө Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп жатат

Окуялар тизмеги 22 Янв 2020 16:20
0 ой-пикир

Бүгүн, 22-январда Ысык-Көл облусунда камакта олтурган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүүдө. Түп районунда өтүп жаткан нааразычылык акциясына 500гө жакын адам чогулган.

Митингдин катышуучулары Жапаровду тез арада бошотууну талап кылышууда.

Эске сала кетсек, экс-депутаттын адвокаты Замирбек Базарбеков ЖМКларга Жапаровдун түзөтүү колониясындагы мөөнөтү 2020-жылдын 5-февралында аяктап, 6-февралдан тарта жатак абагына чыгарын жарыялаган.

Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты төгүнгө чыгарып, Садыр Жапаровдун жаза өтөө мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында бүтөрүн билдирген. 

Экс-депутат «2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган» деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.