Депутат: Жеңиш Разаков тез арада элден кечирим сурасын. ВИДЕО

Окуялар тизмеги 22 Янв 2020 13:52
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселеси боюнча митингге чыккандардан тез арада кечирим сурашы керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 22-январда парламенттин жалпы жыйынында айтты, деп жазат «Азаттык».

«Чек арага жардам бергиле, тактап бергиле» деп чыккан элди «акчага чыккандар» деп атады. Бул — элди мазактоо. Разаков же сот алдында жооп бериши керек, же кызматын тапшырсын, же бүгүндөн калбай элдин алдына чыгып кечирим сурасын. Баткенден, айыл-ападан келип, радикалдуу сөздөрдү эмес, карапайым элдин талабын айтып жаткандарды «акчага чогулгандар» деп атады. Бул абдан чоң ката», — деди эл өкүлү.

Разаков 21-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып 15-январдагы Бишкектеги митинг акча менен уюштурулган деп эсептей турганын айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.