Мас абалында эки жашар кызын жоготкон аял табылды

Окуялар тизмеги 21 Янв 2020 11:19
0 ой-пикир

Жаңы жылдын алдында Ошто көчөдөн табылган эки жаштагы кыздын апасы табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аял Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын 1992-жылкы тургуну. Анын Ош шаарында убактылуу жашап жүргөндүгү, көчөдө кайыр сурап жан багары белгилүү болду.

Кыздын апасын 20-январь күнү саат 15:30 чамасында Ош шаарындагы Курманжан датка жана А.Навои көчөсүнүн кесилишинен табышкан. Милиция бөлүмүнө алынып келинген Р.Р. 29-декабрда таанышы менен бирге спирт ичимдиктерин ичип, уктап калышканын, ойгонсо кызы жанында жок экенин айткан.

Ошондой эле, анын 5 жаштагы уулу бар экени, ал балдар  интернатында жашагандыгы айтылды. Учурда аялды энелик  укуктан ажыратуу үчүн документтер даярдалууда. Ал эми, 2 жаштагы кыз реабилитациялык борбордо жашап жатат.

Эске салсак, кичинекей кыз  29-декабрь күнү саат 01:30дар чамасында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында көчөдө жүргөн жеринен табылган. Аны «Тез жардам» кызматынын өкүлдөрү көрүп калып, милицияга кабар беришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.