Көчөдө табылган эки жаштагы кыздын жакындары изделүүдө

Окуялар тизмеги, Өлкө 04 Янв 2020 10:02
0 ой-пикир

Жаңы жылдын алдында Ош шаарында көчөдө эки жаштагы кыз табылган. Учурда анын жакындары изделүүдө. Бул жөнүндө шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалматка ылайык, славян өңдөгү кичинекей кыз Навои көчөсү менен Курманжан Датка көчөлөрү кесилишкен жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан түн жарымда табылган.

Наристени тапкандар алгач «Тез жардамга» кабарлап, андан соң милицияга маалымат беришкен.

Милиция кабарлагандай, кыздан саламаттыгы жакшы. Азыркы кезде ал балдардын реаблитациялык борборунда жайгашкан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, милиция кыздын жакындарын издей баштады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.