Жаңы жылдын алдында Ошто көчөдөн табылган эки жаштагы кыздын апасы табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аял Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын 1992-жылкы тургуну. Анын Ош шаарында убактылуу жашап жүргөндүгү, көчөдө кайыр сурап жан багары белгилүү болду.
Кыздын апасын 20-январь күнү саат 15:30 чамасында Ош шаарындагы Курманжан датка жана А.Навои көчөсүнүн кесилишинен табышкан. Милиция бөлүмүнө алынып келинген Р.Р. 29-декабрда таанышы менен бирге спирт ичимдиктерин ичип, уктап калышканын, ойгонсо кызы жанында жок экенин айткан.
Ошондой эле, анын 5 жаштагы уулу бар экени, ал балдар интернатында жашагандыгы айтылды. Учурда аялды энелик укуктан ажыратуу үчүн документтер даярдалууда. Ал эми, 2 жаштагы кыз реабилитациялык борбордо жашап жатат.
Эске салсак, кичинекей кыз 29-декабрь күнү саат 01:30дар чамасында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында көчөдө жүргөн жеринен табылган. Аны «Тез жардам» кызматынын өкүлдөрү көрүп калып, милицияга кабар беришкен.