Чек арадагы коррупцияны айтып чыккан офицерди кесиптештери сотко беришти

Окуялар тизмеги 21 Янв 2020 17:33
0 ой-пикир

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Илгиз Талипов жана төрт чек арачы мекемедеги коррупция тууралуу айтып чыккан офицер Талгат Алановго каршы Ош шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талгат Аланов билдирди.

— Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов баштаган беш чек арачы мага каршы Ош шаардык сотуна арыз жазыптыр. Анда мен буга чейин айткан чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштерди төгүнгө чыгарып, «Аланов ар бирибизге 100 миң сомдон төлөсүн» деп жазышыптыр. Мен айткан беш факты боюнча Аскер прокуратурасы учурда текшерип жатат. Анын жыйынтыгы чыкпай жатып булар Ош шаардык сотуна кайрылыптыр. Бул туура эмес деп ойлойм. Мага каршы арыз жазгандар Аскер прокуратурасына мен жазган арызды кайтарып алышымды да талап кылышты, — деди Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери Талгат Аланов.

Ведомтсвонун басма сөз кызматкери Асылкерим Ажиев беш чек арачы Талгат Алановго каршы Ош шаардык сотуна кайрылганын тастыктады.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Аланов басма сөз жыйынын өткөргөн. Офицер өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу ачык айтып берген.

Басма сөз жыйынында Аланов «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирген. Ал ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын белгилеген.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Алановдун дооматтарын төгүндөшкөн.

Талгат Алановдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 2019-жылдын 27-ноябрындагы басма сөз жыйынынан кийин Аскер прокуратурасы териштирүү иштерин баштаган. Анын жыйынтыгы учурда чыга элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.