Чек арадан чырдан кийин камалгандардын экөөсү үй камагына чыгарылды

Окуялар тизмеги 18 Янв 2020 19:07
0 ой-пикир

Баткен чек арасындагы чырдан кийин кармалган төрт тургундун экөөсү үй камагына чыгарылды. Бул туралуу облустук соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-январда Кадамжай райондук соту Жазык кодексинин 264-беренесинин 2-бөлөмү (“Массалык башаламандыкка катышуу”) менен шек саналган Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаевди үй камагына бошотту. Сот Үсөн Сапарбаевдин 2-топтогу майыптыгын, Улукбек Сапарбаевдин беш баланын атасы, үй-бүлөдөгү камкорчу экенин эске алган.

Ал эми Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү (“Массалык башаламандыкты уюштуруу”) 253-беренесинин 1-бөлүмү (“Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү”) менен шек саналган Зайнидин Бердиев жана Нурбек Сапарбаев эки айга камакта калды.

Эске сала кетсек, 11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылында «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары төрт киши кармалган.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажик тараптан ок туш келди атылганы кабарланган. Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптаса, Тажикстан чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген. Кыргыз чек арачылары тажик тараптын маалыматын четке каккан.

13 жана 15-январда Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу нааразылык акциясы өткөн. Акциянын катышуучулары буга чейин чагымчылдыкка айыпталып кармалган төрт баланы чыгарууну талап кылышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.