Иран: украиналык учакта курман болгондордун сөөктөрү өткөрүлүп берилет

Аалам, Окуялар тизмеги 17 Янв 2020 13:11
0 ой-пикир

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Тегеран кыйраган учактын кара кутусун иликтөөгө украиналык адистерди катыштырууга даяр экендигин билдирди.

Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип кабарлады. Зариф украиналык кесиптеши Вадим Пристайко менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө Иран кыйраган учакта курман болгондордун украиналык жарандардын сөөктөрүн өткөрүп берүүгө жана учактын кара кутусун чечмелөөгө украиналык адистерди катыштырууга даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар авиакырсыктын айланасындагы акыркы жагдайлар туурасынлда пикир алмашышты. Украинанын ТИМ башчысы Вадим Пристайко өз кезегинде Ирандын учак кырсыгы үчүн тез арада жоопкерчилик алгандыгына жана бардык негизги маселелер боюнча кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, 8-январь танга маал «Украина Эл аралык авиалиниясына» караштуу Boeing 737 Тегерандагы Хомейни аэропортуна жакын жерде кулаган.  Бортто 167 жүргүнчү болгон. Учакта тирүү жан калган эмес.

Иран украиналык учакты “адамдын жаңылыштыгынан улам” кокусунан атып алганын моюнга алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.