Алмаз Баратов – атайын Elgezit.kg үчүн.
Көз карандысыз сот системасын түзүү зарылчылыгы тууралуу Кыргызстандын баардык президенттери айтып келишкен.
Ар бири бул багытта өзү туура деп эсептеген иштерди жасап көрдү. Реформалар темасында ондогон документтер жазылып, стратегиялар иштелип чыккан. Башкача айтканда, өлкө жетекчилигинде саясий эрк бар болгону менен ийгиликтер жокко эсе.
Карапайым калк сотторго жана системага мурда кандай ишенбесе, азыр деле ишенбей келет. Бул терең социологиялык изилдөөлөрсүз эле көрүнүп турат.
Үстүбүздөгү жылдагы негизги максаттардын бири сот-укуктук реформаларды жүргүзүүнү улантуу экенин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков билдирди. Чындыгында, мыйзам бөлүгүндө, сотторду материалдык-техникалык камсыздоо тармагында бир катар иштер жасалды. Соттордун маянасы бир топ жогорулады. Бирок коомчулук дагы деле соттордун чечимине нааразы. Адилеттүүлүк системасына мамлекеттин өзгөчө тармагы катары карап, урматтоо жокко эсе.
Мындай ишенбөөчүлүк эмне себептен улам жаралганын аңдаш үчүн акыркы он жылды ала турган болсок, медиада айыпталуучулар саясатчылар болгон соттук иштердин чагылдырылышы түрткү болду.
Мисалы, апрель окуяларына байланышкан соттук процесс. Бул иш боюнча тергөө иштери, андан соң сот отурумдары бир нече жылга созулуп, кыргыз адилеттүүлүгүнүн эшиги “тарс” жабылгандай болду. Азыр болсо системаны түзгөндөр өздөрү кылтакка илинип жатканына күбө болуудабыз.
2010-жылдан тарта ондогон чуулуу соттук процесстер болду. Алардын көбү боюнча чечимдер “Ак үйдүн” буйругу менен же ал тарап менен макулдашылып чыгарылып жатты. Мисалы, Текебаев менен Чотоновго козголгон кылмыш иши же Нариман Түлеевдин иши ж.б.
Алмазбек Атамбаев кетти, Сооронбай Жээнбеков келди, бирок сотторду “Ак үйдөн” башкаруу токтогон жок.
Бийлик таасир берүүчү куралдарынан ажырагысы келбейт. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин учурунда адилетсиз өкүм чыгарган бир дагы сот Сооронбай Жээнбековдун учурунда жоопко тартылып же жок дегенде кызматтан алынган жок. Алар улам бир кызматтан башка кызматка гана өтүп отурушат. Бул азырынча сот системасында абал өзгөрбөгөнүнүн белгиси.
Бирок Кыргызстанда сот системасы “Ак үйдөн” гана көз каранды эмес. Себеби ал тарапты саясат жыттанган гана сот процесстери кызыктырат эмеспи. Ал эми мындай иштер соттор кабыл алган жалпы чечимдердин аз гана бөлүгүн түзөт. Соттор жердешчилик, тууганчылык, таанышчылык деген нерселерден дагы көз каранды.
Кээ бир учурда коомчулук өзү көз карандысыз сот системасына даяр эмеспи деген ой жаралат. Себеби дал ошол элдер өздөрү жердешчилик, тууганчылык деп пара көтөрө чуркашат го. Мындай көйгөй Кыргызстанда гана эмес, мурда СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн көбүндө бар. Соттук отурумдарда кайсы тарап жеңери байланыштар, акча аркылуу эбак чечилип калган болот. Же жогоруда айткандай, саясий көз караштардан улам аныкталып калган болот.
Мындан сырткары, коррупцияга малынган өлкөдө коррупциясы жок “аралчаны” табуу мүмкүн эмес. Бирок бул кол куушуруп отура берүү керек, майнап чыкпайт дегендик эмес.
Көйгөйдү комплекстүү чечүү зарыл. Баардык тараптан өзгөрүүлөргө кадам таштоо керек.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.