«Кумтөр Голд» компаниясына кенди иштетүүгө уруксат берилди

Окуялар тизмеги 15 Янв 2020 09:44
0 ой-пикир

«Кумтөр Голд» компаниясына бир айга чейин кен сактоочу жайдан, кенди иштетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана кайра иштетүү комитетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, комитет«Кумтөрдөн» 2020 — жылы жана андан кийинки жылдарда Чоң — Сары — Төр жана Кичи — Сары — Төр өрөөнүнө атайын долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү талап кылды. 

Ошондой эле ар түрдүү кырсыктардын  алдын — алуу максатында, ишкана Чоң — Сары — Төр жана Кичи — Сары — Төр өрөөнүндөгү коопсуздук тууралуу илимий-изилдөө уюмдарынын уруксат чечимдерин алуусу керектиги кошумчаланды.

Эскерте кетсек, буга Кумтөрдө 2020-жылга тоо-кен казып алуу иштерине уруксат жок болгондугуна жана жардыруу ишинин убактылуу токтотулганы байланыштуу иш токтогон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.